Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52 Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомунун 2,3 пункттарынын “фондунун” деген сөздөн кийин “жайыт” деген сөз менен жана “өнөр жайдын” деген сөздөрдөн кийин “транспорттун, байланыштын жана башка” деген сөздөрү менен толукталсын.
3. Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтому төмөндөгү пункт менен толукталсын:
1) Которулуучу (транформациялануучу) токой фондунун жайыт жер аянттары төмөндөгү контурларда жайгашкан: К-256, 33,0 га, К-301, 8,0 га жалпысы 41,0 га.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
Н.А. Абдуразаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон