# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66327/edition/1175892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/453410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (29.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453410

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июну № 36 Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелери бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн; картографиялык материалдар (Бишкек шаарынын аймагын пайдалануунун өзгөчө шарттары менен зоналар картасы, Бишкек шаарынын аймагын укуктук зоналоо картасы, тарыхый-маданий мурасты пайдаланууну чектөөлөрдүн зоналарынын картасы) жеке менчик кызыкчылыгына зыян келтире турган учурда, Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

Ж. А. Абдраимов
