# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 444 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын статусу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 444 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын статусу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 444
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4534>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2129/edition/288472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4534.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 444 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын статусу жөнүндө" жарлыгы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4534

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 444

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы

Токмок шаарынын статусу жөнүндө

"Бишкек шаарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун администрациялык

борбору катары аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын

3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык облустун администрациялык борборун

Токмок шаарынан Бишкек шаарына которууга байланыштуу Кыргыз Республика-

сынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургундарынын көп сандаган кайры-

лууларын эске алып, ошондой эле Чүй облусунун курамында өзалдынча өнүгүү

жылдарында жетишкен Токмок шаарынын социалдык экономикалык көрсөткүчтө-

рүнүн андан аркы динамизмин колдоо максатында жана Кыргыз Республика-

сынын Конституциясынын 42-статьясынын жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Мыйзамдуу түрдө жөнгө салынганга чейин Токмок шаарына облустук

маанидеги шаардын статусу сакталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токмок шаарына облустук маанидеги

шаардын статусун сактоону караган мыйзам долбоорун бир айлык мөөнөттө

иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешине киргизсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамле-

кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
