# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 29 "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 29 "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66295/edition/1173983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/453377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 29 "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету" токтому (05.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453377

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-апрели № 29 "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, бөөдө кырсыктарды алдын алуу жана муниципалдык лифттердин иштөөсүнө контролду жүргүзүү максатында, ошондой эле, "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын (мындан ары - "Бишкекшаарлифт" МИси) 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

"Бишкекшаарлифт" МИсинин ишине жана анын ишинин сапатына контролду күчөтсүн; бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын лифт чарбасын реабилитациялоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.

Төрага

К.Конгантиев
