Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-апрели № 29 "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, бөөдө кырсыктарды алдын алуу жана муниципалдык лифттердин иштөөсүнө контролду жүргүзүү максатында, ошондой эле, "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын (мындан ары - "Бишкекшаарлифт" МИси) 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету эске алынсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
"Бишкекшаарлифт" МИсинин ишине жана анын ишинин сапатына контролду күчөтсүн; бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын лифт чарбасын реабилитациялоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.
Төрага
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021