# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 28 "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 28 "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66294/edition/1173981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/453376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 28 "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету" токтому (05.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453376

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-апрели № 28 "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсы тарабынан жер алдындагы өтмөк аркылуу магистралдык жылуулук тармакты куруу себеби боюнча жабылган Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу, жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле, мындан ары Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын катышуусу менен жол-транспорттук кырсыктарды болтурбоо максатында, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсы:

Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн; Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн; көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.

Төрага

К.Конгантиев
