Новопавловка айылдык кеңешинин «Калктуу пункттардын аймактарынан таштандыларды чыгаруу үчүн алымдын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №47-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 25-февралы № 47/318 Калктуу пункттардын аймактарынан таштандыларды чыгаруу үчүн алымдын ставкасын бекитүү жөнүндө «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, калктуу конуштардын аймактарынан таштанды чыгаруу үчүн төлөм: Алымдын ставкасынын өлчөмү ишканада иштеген кызматкерлердин (юридикалык жактар үчүн) белгиленген аянтын жана санын, имараттардын өлчөмүн, имараттардын көлөмүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен аныкталат. Үйдүн жашоочуларынын саны (жеке адамдар үчүн) эсептелген көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашпаган алым үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин тиешелүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт. Бул маселе боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси П.Каримов маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардын аймактарынан таштанды чыгаруунун тарифи юридикалык жак үчүн уюмда иштеген бир адамга 100 сомдон бекитилсин.
Төрага
Д. Эркинбек уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.