# Новопавловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 9/76 "Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Новопавловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 9/76 "Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/76
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66143/edition/1165664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/453089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Новопавловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 9/76 "Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (19.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453089

---

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №9-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2021-жылдын 19-ноябры № 9/76 Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставынын долбоорун айылдык жыйындарында талкуулап, элдин жана айылдык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын жыйынтыгын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесинин биринчи жана үчүнчү бөлүгүн колдонмо катары алып, Новопавловка айылдык кенешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомду жана ага тиркелген жергиликтүү коомунун Уставын жарыялоо жана аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизүү Новопавловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Чыныбековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Садыралиевага жүктөлсүн.

Төрага

А. Абышев
