Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Новопавловка айылдык кеңешинин «Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №9-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 19-ноябры № 9/76 Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставынын долбоорун айылдык жыйындарында талкуулап, элдин жана айылдык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын жыйынтыгын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесинин биринчи жана үчүнчү бөлүгүн колдонмо катары алып, Новопавловка айылдык кенешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду жана ага тиркелген жергиликтүү коомунун Уставын жарыялоо жана аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизүү Новопавловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Чыныбековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Садыралиевага жүктөлсүн.
Төрага
А. Абышев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.