# КР Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 472
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/45281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-7998/edition/1113387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/45281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө" токтому (07.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/45281

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 7-сентябры № 472 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасынан "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы" позициясы алып салынсын.

6. Ушул токтомдун жоюу жол-жобосу аяктаган күндөн тартып күчүнө кире турган 4 жана 5-пункттарын кошпогондо, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 80 (3152) жарыяланды

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.А. Боронов
