# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №392 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №392 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 392
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2124/edition/530388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №392 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (05.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4526

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 25-июлу ПЖ № 392 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жогорку офицердик курамдагы адамдар тарабынан ээленүүчү кызмат орундарын оптималдаштыруу жана иретке салуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр иштеринин айрым маселелери жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жогорку офицердик курамдагы адамдар тарабынан ээленүүчү аскердик кызмат орундарынын Тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

7. Кыргыз Республикасынын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысы - 1.";

- 9-пункт алып салынсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр саясатынын айрым маселелери жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр иштеринин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
