# Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-октябрындагы № 24 "Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-октябрындагы № 24 "Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/452120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66042/edition/1148598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/452120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-октябрындагы № 24 "Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (22.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/452120

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 29-(кезексиз) сессиясы 2019-жылдын 22-октябры № 24 Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Рнспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн”, Кыргыз Рсепубликасынын Өкмөтнүн 209-жылдын 30 майындагы №235 токтомун жетекчиликке алып, жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары У.Дуйшеналынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н.Омаралиевге жүктөлсүн.

Төрага

К.Токоев
