Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2020-жылдын 19-февралы № 154 Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө (Бишкек шаардык кенешинин 2021- жылдын 28- сентябрындагы № 11, 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 9, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ыйлайык) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын төмөнкү категориялары бекитилсин:
Олимпиадалык оюндардын чемпиондору; Олимпиадалык оюндар программасына кирген спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору. Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуянын жүрүшүндө каза болгондун үй-бүлөсүнө. 2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик сыйлыгы менен курман болгондон кийин сыйланган, Бишкек шаарында каттоосу жок прапорщиктин жесири.
2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын менчигинде кыймылсыз объекти жоктор; Бишкек шаарынын мэринен Бишкек шаарында муниципалдык батир алууга сертификат алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары; 2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын менчигинде кыймылсыз объекти жоктор.
(Бишкек шаардык кенешинин 2021- жылдын 28- сентябрындагы № 11, 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 9, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105) токтомдорунун редакцияларына ыйлайык)
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык мүлк маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Б. Абиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 162 "Менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде турак жайды менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2020 · № 162
- Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү…Постановление · 28.09.2021 · № 11
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 9 "Бишкек шаардык кеңештин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү…Постановление · 28.09.2021 · № 9
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун…Постановление · 27.12.2023 · № 105
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү…Постановление · 28.09.2021 · № 11
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 9 "Бишкек шаардык кеңештин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү…Постановление · 28.09.2021 · № 9
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- О ратификации Конвенции о транснациональных корпорацияхЗакон · 23.11.2001 · № 100
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон