# Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/451877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65863/edition/1130952/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтому (11.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/451877

---

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жумгал айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы 2021-жылдын 11-июну № 3 Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу “ жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ ” Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиянын 2018-жылдын 23-ноябрындагы №211 токтомуна ылайык, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнь күнү белгиленген. Жумгал айылдык Кенешинин 2021-жылдын 11-июнундагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, шайлоого айылдык кенештин 11 депутатынын жыйынтыгы менен талапкерлердин алган добуштарытѳмѳндцгүдѳй болду Болоталиев Узак Сталбекович - 6 добуш Санташов Тариэл Салдатбекович – 5 добуш Шайлоонун жыйынтыг менен Болоталиев Узак Сталбекович – 6 добушка ээ болду Баардык талапкерлерге каршы – жок Жараксыз юбюллетень – жок Жогорудагы шайлоонун жыйынтыгынын жүрүшүн карап, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Болоталиев Узак Сталбекович Жумгал АШК нын жыйынтык протоколуна ылайык 6 добуш алгандыгы белгиленсин.

2.Шайлоо мыйзам чегинде ачык айкын ѳттү деп табылсын.

3. Бул токтомду райондук аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.

Төрага:

Э.Бектурсунов
