# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 394
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2116/edition/288459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (25.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4518

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-июлу ПЖ № 394

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын

кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын

тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө

Азыркы учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана

жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик бийлик орган-

дарынын аймактык бөлүмдөрүнүн бир катар жетекчилери макулдашпастан кыз-

маттык ишсапарга барган, аларга ишенип берилген аймактан сырткары чык-

кан тенденциялар байкалууда.

Мында алар жетекчилик кылган мамлекеттик органдарда эмгек жана ат-

каруу тартиби начарлоодо, бул региондордогу коомдук-саясий жана социал-

дык-экономикалык кырдаалга терс таасир этүүдө.

Эмгек тартибин андан ары чыњдоо, мамлекеттик жана муниципалдык же-

текчи кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана кызматтык ишсапар-

ларды жана сырткары чыгууларды тартипке салуу максатында токтом кылам:

1. Төмөндө саналган кызмат адамдарынын ишенип берилген аймактын

чегинен бардык сырткары чыгуулары милдеттүү тартипте төмөнкүлөр менен

макулдашыла тургандыгы белгиленсин:

- облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары - губернатор-

лору, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын

Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен;

- райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустук

мамлекеттик администрациялардын башчылары - губернаторлору менен;

- Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчылары - Бишкек

шаарынын мэри менен;

- шаар башкарууларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары - тийиштүү

аймактын райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары менен,

мында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери бо-

юнча улуттук агенттигине маалымдайт;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчи-

лери - тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси менен, мында тийиштүү

аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жерги-

ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына маалымдайт.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын

Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, облусттук мамлекеттик адми-

нистрациялардын башчылары - губернаторлору жана Бишкек жана Ош шаарла-

рынын мэрлери кызматтык ишсапарлардын жана сырткары чыгуунун жүзөгө

ашырылышына контролдук кылсын жана зарылчылык болгон учурда жогоруда

көрсөтүлгөн сыртка чыгуу тартибин бузгандык үчүн мамлекеттик жана муни-

ципалдык жетекчи кызматчыларды белгиленген тартипте ээлеген кызматынан

бошотуу жөнүндө сунуш киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдын-

ча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги белгиленген тартипте:

- ушул Жарлыктын аткарылышын камсыз кылсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
