Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 „Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө“ токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-апрели № 20 Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин, Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан Сарылдык уулу Илгиз - "Социал-демократтар" фракциясынын мүчөсү; социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү жана Дуйшекеева Элнура Качкыновна - "Социал-демократтар" фракциясынын мүчөсү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан Ашанбаева Омуркан Бактыбековна - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү жана Чеченова Мадина Жамаловна - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү.
2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:
регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга Усубалиев Таалайбек Болотбекович - "Социал-демократтар" фракциясынын мүчөсү; экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга Дуйшекеева Элнура Качкыновна - "Социал-демократтар" фракциясынын мүчөсү; социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга Ашанбаева Омуркан Бактыбековна - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү жана Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун 6-сабындагы "Усубалиев Таалайбек Болотбекович" деген сөздөр толукталсын; 2-пункттун 8-сабындагы "Сарылдык уулу Илгиз" деген сөздөр "Дуйшекеева Элнура Качкыновна" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункттун 7-сабы алынып салынсын; 3-пункттун 3-сабындагы "Бактыбеков Алымбек Бактыбекович" деген сөздөр "Ашанбаева Омуркан Бактыбековна" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттун 2-сабындагы "Ашанбаева Омуркан Бактыбековна" деген сөздөр "Бактыбеков Алымбек Бактыбекович" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункттун 6-сабындагы "Чеченова Мадина Жамаловна" деген сөздөр "Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2021 · № 3
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек шаардык кеңештин Регламенти (Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме)Регламент · 28.12.2012 · № 2