# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы №372 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы №372 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2113/edition/584213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4515.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы №372 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы (12.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4515

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-июлу ПУ № 372

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде

окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө

Жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын толук кандуу билим

алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана аларга кошумча социалдык колдоо-

ну камсыз кылуу максаттарында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзал-

дынча башкаруу органдары менен бирдикте бардык мамлекеттик жана муници-

палдык жалпы билим берүү мектептеринде 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып

1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча маселени чеч-

син;

- бир айлык мөөнөттө шаардык жана муниципалдык мектептердин окуу-

чуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча Жобону иштеп чыксын жана бекит-

син;

- эки айлык мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ка-

ражаттарынын эсебинен окуучулардын тамактануусун финансылоону, ошондой

эле окуучулардын тамактануусун натыйжалуу уюштуруу боюнча башка маселе-

лерди караган "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде

окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү тууралу" Мыйзамдын

долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

киргизсин;

2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2006-жылдын 1-сентябрынан

тартып аталган шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен жалпы би-

лим берүү мектептерде 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун камсыз

кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өзалдынча башка-

руу органдары 2007-жылдан тартып республикалык бюджетти жана Бишкек жа-

на Ош шаарларынын бюджеттерин иштеп чыгууда бардык мамлекеттик жана му-

ниципалдык жалпы билим берүү мектептерде 1-4-класстын окуучуларынын та-

мактануусун уюштуруу үчүн керектүү финансылык каражаттарды карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
