# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 252 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 252 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 252
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/451425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22631/edition/1120379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/451425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 252 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтому (15.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/451425

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 15-майы № 252 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коому белгиленген тартипте жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 305 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-майындагы № 41 жарыяланды

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
