# Нарын шаардык кеңешинин 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 9 "Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 9 "Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/451251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65582/edition/1134151/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 9 "Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому (06.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/451251

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХXXIV ceссиясы 2020-жылдын 6-ноябры №9 Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесинин 3-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 31-главасынын 1-2-бөлүмдөрүнө жана 29-главасынын 1-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы №281 токтомунун 1-тиркемесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясынан депутат Калманбетова Анаркүл Кыдыковна, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары кызматынан депутаттардын макулдугу менен бошотулсун.

2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлыгына Нарын шаардык Кеңешинин «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясы тарабынан сунушталган депутат Чоробек кызы Айзат, ачык добуш берүү жолу менен сессияга катышкан депутаттардын 19 добушун алгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.

3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага:

Ж.Ботоканов
