# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын -15-июлундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын -15-июлундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2110/edition/1162750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын -15-июлундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4512

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 15-июлу ПЖ № 386

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кењештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Айрым жергиликтүү кењештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ыйгарым укуктары аяктаган- дыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 6-пунктун, 46-статьясынын 6-пунктунун 4-пунктчасын жана "Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө" Кодекстин 80-, 88-статьяла- рын эске алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Исанов,

Көкбел айылдык кењештеринин, Алай районундагы Коњурдөбө, Кабыланкөл айылдык кењештеринин, Карасуу районундагы Отузадыр, Сарыколот айылдык кењештеринин депутаттарын шайлоо 2006-жылдын 17-сентябрына, жекшембиге дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Ноокен районундагы

Ташбулак, Тогузторо районундагы Атай айыл өкмөттөрүндө жана Майлуусуу шаарындагы Сарыбээ шаарча кењешинде; Ысыккөл облусунун Тоњ районундагы Көкмойнок, Түп районундагы Михайловский айыл өкмөттөрүндө; Нарын облу- сунун Акталаа районундагы Баетов, Терек, Жергетал, Жумгал районундагы Жањыарык айыл өкмөттөрүндө, Нарын районундагы Достук шаарча кењешинде; Ош облусунун Алай районундагы Кабыланкөл, Коњурдөбө, Араван районундагы Керметоо, Карасуу районундагы Жањыарык айыл өкмөттөрүндө; Талас облусу- нун Карабуура районундагы Маймак, Талас районундагы Арал айыл өкмөттөрүндө; Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный, Жайыл ра- йонундагы Сарыкоо, Красновосточный, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо 2006-жылдын 17-сентябрына, жекшембиге дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясы жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жогоруда аталган органдарына шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2006-жылга республикалык бюджетте шайлоолорду өткөрүүгө каралган

финансылык каражаттарды бөлүп берсин;

- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары шайлоо комиссияларын шайлоо- чулардын сапаттуу тизмелери менен камсыз кылсын жана аларга шайлоолорду даярдоодогу жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

6. Ушул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
