# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 742
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/451081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22627/edition/1118094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/451081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/451081

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-декабры № 742 Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтомунун редакциясына ылайык) "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарынын реестрлерин жана башка маалыматты түзүү, жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органга берүү, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети алты айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыгышсын жана биргелешкен буйрук менен бекитишсин:

- квалификацияланган сертификаттардын формасына карата талаптар;

- электрондук колтамга каражаттарына жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарына карата талаптар;

- электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо тууралуу жобонун долбоору.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо суралсын.

6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы ушул токтомдун 5-пунктунда аталган маселе каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-январындагы № 7 жарыяланды

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
