# Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-июлундагы №19/4-8 "Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-июлундагы №19/4-8 "Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/4-8
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/450869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65243/edition/1092317/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-июлундагы №19/4-8 "Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (13.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/450869

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы

2021-жылдын 13-июлу №19/4-8 Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 30.03. 2021-жылдагы № 01-21/404 чыгыш сандуу катынын жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №4 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.

Тѳрага

А. Жусупбеков
