# Оро айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Оро айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 08
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/450668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65212/edition/1095015/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оро айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» токтому (18.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/450668

---

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2019-жылдын 18-марты № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 5-мартындагы № 04-17/356 сандуу катына тиркелип жолдонгон Глобал Джамгыр Майнинг ЖЧКсынын башкы директору Н.Ермошкиндин кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндөгү” жобонун 4-пунктун жана 2-пунктчасын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктун жана 13-беренесин жетекчиликке алып, Оро айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пайдалуу кендерди иштетүү үчүн электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр чубалгылардын таянычтарын (опора) орнотуу үчүн Оро айыл аймагынын чегинен 0,16га жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.

Тѳрайымы

З.Тойчубекова
