# Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 162 "Менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде турак жайды менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 162 "Менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде турак жайды менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/450311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65159/edition/1080514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/450311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 162 "Менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде турак жайды менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (02.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/450311

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2020-жылдын 2-декабры № 162 Менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде турак жайды менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, аялдардын эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Болотбековна Тыныбекованын Кыргыз Республикасынын спортун өнүктүрүүдөгү жогорку деӊгээлдеги эмгегин эске алып, Бишкек шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Москва көчөсү, 191-үй, 145-батир дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-13-0013-0628-01-145 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен Айсулуу Болотбековна Тыныбекованын менчигине өткөрүлүп берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жана транспорт маселелерин тескеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Б. Абиров
