# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 337 "Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 337 "Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2103/edition/367538/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 337 "Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" жарлыгы (22.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4503

---

УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с Указом Президента КР от 22 октября 2009 года УП №396

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 29-июнундагы № 337

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖЫРЛЫГЫ

Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын бюджетин кыйла реалдуу аткарууга жетишүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу

системасын реформалоо боюнча аракеттердин тиркелген Планын (мындан ары

- аракеттенүү Планы) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдары менен бирдикте аракеттердин Планында көрсөтүлгөн иш-чараларды мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы

№114 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кењеш жөнүндөгү» Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кењешке аракеттердин Планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын берип турсун.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
