# Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы № 240/35-7 "Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдорү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы № 240/35-7 "Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдорү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 240/35-7
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/450077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64944/edition/1048292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы № 240/35-7 "Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдорү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары жөнүндө" токтому (23.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/450077

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы 2019-жылдын 23-декабры № 240/35-7 Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдорү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөл үмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун опитималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы №01-1/1937 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кецешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 28.11.2019-жылдагы №6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кецешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараевге) тапшырылсын.

Төрага:

М.Есенкулов
