# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340 "Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340 "Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 340
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2094/edition/492627/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340 "Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4491

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 1-июлу ПЖ №340

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлерине материалдык дем берүү, ошондой эле алардын кесиптик беделин көтөрүү максатында токтом кылам:

1. Эмгек акысы Бирдиктүү гарифтик торчо менен аныкталган илимий

мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 2006-жылдын 1-июлунан баштап 20 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды издеп

тапсын.

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
