Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №331 « Кыргыз Республикасынын токой фондунун жерлеринде өскөн дарактардын өзгөчө баалуу түрлөрүн кыркууга, кайра иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 28-июну ПЖ № 331
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын токой фондунун жерлеринде өскөн дарактардын өзгөчө баалуу түрлөрүн кыркууга, кайра иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө мораторий киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы ПЖ N 393 Жарлыгынын, 2006-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ N 565 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын кайталангыс байыркы жањгак-жемиш жана арча токойлорун сактоо, экологиялык кырдаалды турукташтыруу максатында, ошондой эле жарандардын бир нече жолку кайрылууларын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык токтом кылам: (КР Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы ПЖ N 393 Жарлыгынын ре- дакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын токой фондунун жерлеринде өскөн дарак-
тардын өзгөчө баалуу түрлөрүн кыркууга, кайра иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө 3 жылдык мөөнөткө мораторий жарыялансын. Ушул пункттун биринчи абзацынын жоболорунун аракети, өзгөчө баалуу жыгач породаларын кайра иштетүү, сатып өткөрүү жана алып чыгуу бөлүгүн- дө, мурда, ушул Жарлык күчүнө киргенге чейин, ыйгарым укуктуу мамлекет- тик органдар тарабынан секвестрленген, жеке жана юридикалык жактар та- рабынан мыйзамда белгиленген тартипте сатылып алынган Кыргыз Республи- касынын токой фондусунун жерлеринде өскөн өзгөчө баалуу жыгач порода- лардын токой продукциясына таркатылбайт деп белгиленсин. (КР Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы ПЖ N 393 Жарлыгынын ре- дакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- эки айлык мөөнөттө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын дарактардын
өзгөчө баалуу түрлөрүн кыркуу, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү боюнча бузгандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин.
- өзгөчө баалуу жыгач породалардын секвестрленген токой продукция-
сын сатып өткөрүү комиссиялык тартипте жүзөгө ашырылсын, комиссиялардын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, жерги- ликтүү кењештердин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш- туу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин, прокуратура жана ички иштер министрлигинин органдарынын өкүлдөрү киргизилсин;
- жогоруда аталган токой продукциясын сатып өткөрүү, кайра иштетүү
жана Кыргыз Республикасынын чектеринен сыртка алып чыгуу үчүн 2006-жыл- дын 25-декабрына чейинки мөөнөт белгиленсин. (КР Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы ПЖ N 393 Жарлыгынын, 2006-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ N 565 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик токой фондунун абалына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдук кылууну күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жаратылышты коргоо
мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдүктү күчөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун КонцепциясыКонцепция · 23.11.2007 · № 506 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 469 " Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясын жактыруу жөнүндө"токтомуПостановление · 16.10.2007 · № 469 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №393 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасынын токой фондусунун…Указ · 25.07.2006 · № 393 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын токой фондунун жерлеринде өскөн дарактардын өзгөчө баалуу түрлөрүн кыркууга, кайра…Указ · 22.11.2006 · № 565 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №393 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасынын токой фондусунун…Указ · 25.07.2006 · № 393 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53