# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2092/edition/1231772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4488

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 28-июну ПЖ № 327 Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 409, 2011-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 257, 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141, 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин арттыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүдөй тиркелген жоболор бекитилсин:

- (2-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- № 3 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө;

- (4-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:

- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону жана муниципалдык кызматтын бош администрациялык кызмат орундарын конкурстук ээлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылсын;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аттестациялык жана конкурстук комиссияларын ын мүчөлөрүн окутуу боюнча тематиканы иштеп чыксын жана зоналык (райондор аралык) семинарларды өткөрсүн;

- (КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

(КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Саясий жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын РЕЕСТРИ (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
