Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 7-июнундагы № 308
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн
Улуттук борбору жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук
борбору (мындан ары - Улуттук тоо борбору) Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан түзүлүүчү өлкөнүн тоолуу райондорун туруктуу
өнүктүрүү маселелери боюнча бирдиктүү саясатты жүзөгө ашыруу
максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлүнүн
жумушчу органы болуп эсептелет.
2. Улуттук тоо борбору өз иш аракетинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жана мыйзамданын, Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтомдорун жана буйруктарын, бөлөк ченемдик-укуктук актыларды жана
ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Өз иш-аракетинде Улуттук тоо борбору Кыргыз Республикасынын
Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
4. Улуттук тоо борбору мурда кайра түзүлгөн Кыргыз Республикасынын
тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук тоо борборунун, тоолуу
мамлекеттердин эл аралык маалыматтык-билим берүү борборунун жана
Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук тоо
борборунун алдындагы Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун
өнүктүрүү фондунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча
мамлекеттик агентиктин укугун мурастоочу болуп саналат.
5. Улуттук тоо борбору өз иш-аракетин республикалык бюджеттин
каражаттарынын, гранттардын, инвестициялардын, демөөрчүлөрдүн
кайрымдуулуктарынын, ошондой эле белгиленген тартипте атайын бөлүнгөн
каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат.
6. Улуттук тоо борбору юридикалык жак болуп саналат, өзалдынча
балансы, Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын системасында эсеби,
(анын ичинде чет өлкө валютасы менен), Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн мамлекеттик жана
расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык
бланктары жана башка реквизиттери болот.
7. Улуттук тоо борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун
өнүктүрүүнүн Улуттук борбору»;
- расмий тилде: «Национальный центр развития горных районов
Кыргызской Республики»;
8. Юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас
проспектиси, 22.
II. Максаттары жана милдеттери
9. Улуттук тоо борбордун негизги максаттары жана милдеттери болуп
төмөнкүлөр эсептелет:
- тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, тоолуу
экосистемалардын коопсуздугун сактоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик
саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
- Эларалык тоолор жылынын, Бишкек глобалдык тоо саммитинин
алкагында кабыл алынган жана кол коюлган документтердин жана
макулдашуулардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу.
- Эларалык тоо өнөктөштүгүндө, Глобалдык тоо форумунда, тоолуу
мамлекеттердин башка уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүдөөлөрүн
коргоону камсыз кылуу;
- ООНдун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 22-декабрындагы № 60/198
«Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» деген резолюциясынын жоболорун жүзөгө
ашырууну камсыз кылуу;
- туруктуу өнүгүүгө алмашуу иретинде өлкөбүздүн тышкы карыздарын
азайтууга багытталган чараларды уюштурууга катышуу;
- тоолуу аймактардын калкына киреше алып келүүчү жаны технологиялар
боюнча маалыматтарды жана билим берүү программаларын таркатуу;
III. Функциялары
10. Улуттук тоо борбору өзүнүн максаттарын жана алдына коюлган
милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
- тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү жаатында мыйзамдык жана
ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну
уюштурат жана белгиленген тартипте киргизет;
- ООНдун Генералдык Ассамблеясынын 2005-жылдын 5-декабрындагы
№60/198 «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» деген резолюциясынын жана
Эларалык тоолор жылынын алкагында кабыл алынган башка документтердин
жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- Эл аралык тоо өнөктөштугүндө, глобалдык тоо форумунда жана тоолуу
мамлекеттердин тобунун башка иш-чараларында, (анын ичинде ООН
уюштурган), Кыргыз Республикасынын мүдөөлөрун коргоону камсыз кылат;
- «Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө» Мыйзамдын
жоболорун жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- тоолуу мамлекеттердин Патрондор Кенешинде Кыргыз Республикасынын
катышуусун камсыз кылат;
- башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана
администрациялык ведомстволор менен бирдикте тоолуу аймактарды
туруктуу өнүктүрүүтө алмашуу иретинде өлкөбүздүн тышкы карызын азайтуу
жана ООНдун Башкы Ассамблеясы кабыл алган Минжылдыктын өнүгүү
максаттарын жузөгө ашыруу боюнча механизмдерди түзүүгө багытталган
иштерге катышат;
- маалыматтык базаны түзөт, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү
боюнча атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларды жалпылайт жана
аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет,
- өлкөнүн социалдык-экономикалык жана табигый-клинаттык шарттары
оор болгон бийик тоолуу калктуу пункттарын шефке алууну уюштуруу
боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- тоолуу региондорду туруктуу өнүктүруү боюнча биринчи кезектеги
милдеттерди талкуулоо жана бийик тоолуу аймактардын маселелерин
изилдөө мекен кезектеги Бишкек глобалдык тоо саммитгерин, илимий
конференцняларды, симпозиумдарды жана башка эларалык жана регионалдык
иш-чараларды даярдоону жүзөгө ашырат жана уюштурат;
- бийик тоолуу аймактардын калкына социалдык жактан кошумча колдоо
боюнча сунуштарды иштеп чыгууну уюштурат;
- тоолуу аймактарды социалдык-экономикалык жактан комплекстүү
өнүктүрүүгө багытталган илимий изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга
катышат;
- тоолуу региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү
өнүктүрүү маселелерин чечүү, тоо экосистемасынын экологиялык абалын
жакшыртуу жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн четөлкөлүк инвестицияларды
жана гранттарды тартат,
- жергиликтүү аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдары менен биргелешип аракеттенүү менен тоолуу жана
бийик тоолуу региондор үчүн мүнөздүү болгон иштин киреше алып келүүчү
түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана иш менен камсыз кылуу дењгээлин
жогорулатууга жана кедейликти кыскартууга көмөктөшкөн (топоз өстүрүү,
тоодо балык өстүрүү жана аарычылык, дары чөптөрдү жана боек алынуучу
чөптөрдү өстүрүү, чогултуу жана сатып өткөрүү, колөнөрчулүк ж.б.)
программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну
уюштурат;
- курулушка, айыл чарбасына жањы технологияларды тартууну, ошондой
эле жаны типтеги тоолуу конуштарды долбоорлойт жана курулушун жүзөгө
ашырат;
- иштин киреше алып келүүчү түрлөрү боюнча билим берүү
программаларын (видеолекцияларды) иштеп чыгууга, жањы технологиялар
жөнүндө маалыматтарды чогултууга катышат жана аларды Кыргызстандагы
Эларалык университетгин базасын пайдалануу менен дистанциялык теле
жана компьютердик технологиялар аркылуу тоолуу региондорго берет;
- Улуттук тоо борбору билим берүү органдары жана мекемелери менен
бирдикте бийик тоолуу региондорду камсыз кылуу үчүн жогору
квалификациялуу педагог жана айыл чарба адистерин даярдоо боюнча
сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен бирдикте бийик
тоолуу региондордун жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын
адистерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишке
катышат;
- Борбордук Азия тоо маалымат тармагынын (ЦАГИС) жардамы менен
илимий-техникалык, технологиялык маалыматтарды эларалык алмашууну
жүргүзөт;
- тоолуу жана бийик тоолуу калктуу конуштардын тургундары үчүн
бизнес-инкубаторлорду түзүүгө катышат;
- Эларалык тоо жылына арналган тоолуу райондорду өнүктүрүү
маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды,
семинарларды өткөрөт;
- башка мамлекеттик башкаруу органдары менен бирдикте бийик тоолуу
региондордун тургундары үчүн жањы жумуш орундарын түзүү максатында тоо
жана бийик тоо туризмине жана альпинизм индустриясына инвестициялар
үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча иш-чараларга катышат;
- НПОлор жана жарандык коомдун башка өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо
каражаттары менен бирдикте бийик тоо маселеси боюнча биргелешкен иш
жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын тоолуу
райондорун туруктуу өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин атайын өкүлүнүн башка тапшырмаларын аткарат.
IV. Укуктары
11. Улуттук тоо борборуна жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды
жүзөгө ашыруу үчүн ал төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
- министрликтерднн, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жетекчилеринин, жергнликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын
башчыларынын тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселеси боюнча
отчетторун угуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясына сунуш киргизүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан,
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан, ведомстволук
таандыктыгына карабастан башка юридикалык жактардан тоолуу райондорду
туруктуу өнүктүрүү маселеси жана тышкы карыздар боюнча зарыл
материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте алууга;
- ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруу чечимдерин кабыл алууга жана өз
компетенциясынын чегинде алардын аткарылышына контролдук кылууга;
- "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндөгү" Мыйзамдын
жоболорун аткарууга көз салууга жана аткаруу бийлик жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынан алар боюнча маалыматтарды суратууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эларалык уюмдар жана башка органдар менен
өз компетенциясынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана макулдашуулар
менен келишимдерди түзүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, нускоолорду, усулдук
көрсөтмөлөрдү, башка мамлекетгик бийлик органдары, мекемелер,
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен биргелешкен актыларды
чыгарууга;
- негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан, башка материалдык
байлыктардан жана финансылык ресурстардан турган бекитип берилген,
анын ичинде белгиленген тартипте бюджетген тышкаркы мүлкгү
пайдаланууга жана тескөөгө;
- тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жагында консультациялар,
маселелерди иликтөө жана баа берүү үчүн илимпоздорду, адистерди жана
эксперттерди, анын ичинде келишимдик негизде четөлкөлүк адистерди
тартууга;
- четөлкөлөрдүн өкүлчүлүктерү менен катнаш түзүүгө, Улутгук тоо
борборунун ипш менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн адистерди
белгиленген тартипте четөлкөлөргө ишсаларга жиберүүгө;
- алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди жүргүзүү үчүн зарыл
болгон эксперименттик же башка жабдуулардын, технологиялардын
үлгүлөрүн же комплекттерин, аньш ичинде четөлкөлөрден билим берүү,
маалыматгык жана башка материалдык байлыктарды жана буюмдарды
белгиленген тартипте алууга;
- белгиленген тартипте басма ишин жүргүзүүгө, акы төлөнүүчү
консультацияларды, келишимдик негизде маалыматтык, билим берүү жана
башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө;
- таламдаш мамлекеттик органдар жана мекемелер менен бирдикте
тоолуу жана бийик тоолуу райондордун калкынын аз камсыз болгон
бөлүгүнүн арасында гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүү боюнча
ишке катышууга;
- таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана
администрациялык ведомстволор, уюмдар, илимий мекемелер менен бирдикте
ведомстволор аралык комиссияларды, координациялык жана эксперттик
кењештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүугө, тоолуу
райондорлу туруктуу өнуктүрүү боюнча комплекстүү программаларды иштеп
чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик заказчы катары чыгууга;
- жергиликтүү жана четөлкөлүк донорлорду, ыктыярдуу салымдарды жана
кайрымдуулук каражаттарын тцяуу менен өзүнө жүктөлгөн функциялар менен
милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында кайрымдуулук акцияларын
уюштурууга;
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында союздарга,
ассоциацияларга жана башка бирикмелерге, анын ичинде четөлкөлүк
бирикмелерге кирүүгө;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү балансында кармоого, ижарага
алууга жана ажыратууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка аракеттерди жасоого;
- тоолуу жана бийик тоолуу райондордо коомдук башталыштарда өз
өкүлчүлүктөрүнө ээ болууга;
- өлкөнүн тоолуу райондорун өнүктүрүү менен байланышкан Улуттук тоо
борборунун ар кандай сыйлыктарын жана стипендияларын уюштурууга;
- эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен
тыюу салынбаса, функция жана милдеттерди аткарууга багытталган башка
чарбалык иш жүргүзүүгө.
V. Улуттук тоо борборунун ишин уюштуруу
12. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалып
жана бошотула турган Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун туруктуу
өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын
өкүлү бир эле учурда Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун
өнүктүрүүнүн Улуттук тоо борборунун төрагасы болуп саналат. Төраганын
Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун туруктуу өнүктүруү маселеси
боюнча Кыргыз Респубпикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка
дайьгадалып жана бошотула турган бир орунбасары болот.
13. Улуттук тоо борборунда курамына 5 киши кирген Кенеш түзүлөт.
Кењештин курамына кызмат орду боюнча төрага жана анын орунбасары,
ошондой эле Кыргызстандагы Эларалык университетинин ректору, Эларалык
тоо институтунун директору жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясынын бийик тоонун физиологиясы жана эксперименталдык
патологиясы институтунун директору кирет. Кењештин башка мүчөлөрүнүн
курамы Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун туруктуу өнүктүрүү
маселеси боюнча Кыргыз Республикасыньш Президентинин атайын өкүлү
менен макулдашуу боюнча аныкталат.
14. Кењеш өз жыйналышында Улуттук тоо борборунун иш чөйрөсүнө
тиешелүү жана жамааттык талкуулоону талап кылган маселелелерди карайт
Кецеш зарылчылыгына жараша, бирок каарталында бир жолудан кем эмес
чакырылат. Кенештин чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат,
протокол түрүндө таризделет жана зарыл болгон учурларда Улуттук тоо
борборунун төрагасынын буйругу менен жүзөгө ашырылат.
15. Улуттук тоо борборунун төрагасы:
- Улуттук тоо борборунун ишине жалпы жетекчилик кылат;
- мамлекеттик бийлик, жергиликгүү өзалдынча башкаруу органдары,
эларалык уюмдар жана четмамлекегтердин өкүлдөрү менен мамилелерде
Улуттук тоо борборуна өкүлдүк кылат;
- буируктарды чыгарат жана Кењештин чечимдерине кол коет;
- Улуттук тоо борборунун аппаратынын бөлүмдөрү жана секторлору,
ошондой эле ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду
белгиленген тарпште беккгет жана штаттык орундарды тийиппүү
инстанцияга бекитүүгв сунуш кылат;
- Улуттук тоо борборунун финансылык каражаттарын жана мүлкүн
белгиленген тартипте тескейт;
- Улуттук тоо борборунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
алдында отчет берет;
- Улуттук тоо борборуна жүктөлгөн милдетгердин аткарылышы үчүн
жекече жооп берет;
- ушул Жобо жана Кырргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага
берилген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
16. Улуттук тоо борборунун төрагасынын орунбасары анын ишине
түздөн-түз жетекчилик кылат, учурдагы маселелерди чечет.
Төраганын орунбасары:
-Улуттук тоо борборунун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Улуттук тоо борборунун кызматкерлеринин функциялык
милдеттенмелерин аныктайт, аларга милдеттерди жана тапшырмаларды
берет, алардын аткарылышына контролдук кылат;
- ички тартип эрежелерин бекитет, Улуттук тоо борборунун
кызматкерлери менен эмгектик келишимдерди жана контракттарды түзөт,
аларга карата сыйлоо же жазалоо чараларын колдоног,
- ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды чыгарат;
- Улуттук тоо борборуна жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жекече
жоопкерчилик тартат жана ушул Жободон келип чыккан жана Улуттук тоо
борборунун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды
жүргүзөт.
17. Төраганын орунбасары ага жүктөлгөн милдеттенмелердин чегинде
түздөн-түз төрагага отчет берет жана өз ишин жүргүзөт. Төрага жок
болгон учурда анын тапшырмасы боюнча төраганын милдеттенмелерин
төраганын орунбасары аткарат.
18. Улуттук тоо борборунун кызматкерлери мамлекеттик кызмат жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызмат ордуна
дайындалат жана бошотулат.
VI. Улуттук тоо борборунун ишин токтотуу
19. Улуттук тоо борборун кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда
жүргүзүлөт.
21. Улуттук тоо борборунун ишинин жүрушүндө пайда болгон
документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндөЗакон · 01.11.2002 · № 151 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президенти 2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 "Кыргыз Республикасынын тоолуу райондонун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө"жарлыгыУказ · 07.06.2006 · № 308 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон