# Кыргыз Республикасынын Президенти 2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 "Кыргыз Республикасынын тоолуу райондонун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президенти 2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 "Кыргыз Республикасынын тоолуу райондонун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2087/edition/389237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президенти 2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 "Кыргыз Республикасынын тоолуу райондонун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө"жарлыгы (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4481

---

КР Президентинин

2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын тоолуу райондонун өнүктүрүүнүн

Улуттук борбору жөнүндө

Кыргыз Реепубликасынын Президентинин 2006-жылдын 16-февралындагы №

72 «Тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселелеринде Кыргыз

Республикасынын демилгелерин андан ары илгерилетүү боюнча кошумча

чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук

борбору Кыргыз Республикасын Президентинин Кыргыз Республикасынын

тоолуу райондорун туруктуу өнүктүрүу маселелери боюнча Атайын өкүлүнүн

жумушчу органы катары аныкталсын.

2. Кыргыз Респуадикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук

борбору жана анын түзүмү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук

борборунун кызматкерлеринин санынын жогорку чеги 7 бирдик деп

(имаратты тейлеген жана кайтарган персоналды кошпогондо) жана анын

эмгек акы төлөө фондусу республикалык бюджетте каралган каражаттардын

чектеринде белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыршы

Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борборун Кыргыз

Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтык

материалдарын алуучу органдардын тизмесине киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-

жылдын 21-апрелиндеги №130 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат

орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөндөгүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын

саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестринин» № 1

тиркемесинде:

«Саясий мамлекеттик кызмат орундары» бөлүгүнүн «Кыргыз

Рсспубликасынын башчысы» деген бөлүкчөсүнүн III тобунун төртүнчү

абзацы «адам укуктары боюнча Комиссиянын төрагасы» деген сөздөрдөн

кийии «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын

тоолуу райондорун туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Атайын өкүлү»

деген сөздөр менен толукталсын;

«Борбордук органдар» бөлүкчөсүнүн II тобу төмөндөгү мазмундагы

абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук

борборунун төрагасы»;

«Борбордук органдар» бөлүкчөсүнүн Ш тобу төмөндөгү мазмундагы

абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук

борборунун төрагасынын орунбасары»;

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын

администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри» деген № 2

тиркемеде:

«Борбордук органдар» деген V бөлүктүн 4-главасынын аталышы

«улуттук комиссиялар» деген сөздөрдөн кийин «, улуттук борборлор».»

деген сөздөр менен толукталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-

октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу

органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына төмөндөгүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункттун «а» пунктчасынын экинчи абзацындагы «Кыргыз

Республикасынын тоолуу райондорду өнуктүрүүнүн Улуттук борбору» деген

сөздөр алып салынсын.

7. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы

ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

8. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 30-декабрындагы

№ 414 «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук

борборун түзүү жөнүндө» Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 25-январындагы

№ 58 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-февралындагы

№ 35 буйругу.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

10. Ушул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратетиялык

өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

11. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
