# КР Президентинин 2006-жылдын 30-майындагы № 299 "Кыргыз Республикасыныи Ички иштер министирлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаменти жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 30-майындагы № 299 "Кыргыз Республикасыныи Ички иштер министирлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаменти жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2085/edition/499615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 30-майындагы № 299 "Кыргыз Республикасыныи Ички иштер министирлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаменти жөнүндө" Жарлыгы (20.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4479

---

КР Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 30-майы ПЖ № 299 Кыргыз Республикасыныи Ички иштер министирлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаменти жөнүндө

Паспортторду берүүнүн коопсуз жана коррупцияга каршы системасын түзүү. Кыргыз Респүбликасынын ички иштер органдарынын паспорттук бөлүмдөрүн өркүндөтүү жана реформалоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жана визалык иштер башкармасы республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде өзалдынча юридикалык жактын статусу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаментине өзгөртүп түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаменти жөнүндө Жобону бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди, анын ичинде бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу маселелерин чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
