# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы ПЖ № 283 "Маданияттын жана көркөм өнөрдүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы ПЖ № 283 "Маданияттын жана көркөм өнөрдүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2083/edition/435986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы ПЖ № 283 "Маданияттын жана көркөм өнөрдүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы (14.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4477

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ N 137 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2006-жылдын 24-майы ПЖ № 283 Маданияттын жана көркөм өнөрдүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Эмгек акы шарттары Бирдиктүү тарифтик сетка боюнча аныктала турган Кыргыз Республикасынын маданият жана көркөм өнөр мекемелеринин алдыңкы кызматкерлерин колдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Маданият жана көркөм өнөр мекемелеринин "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары 2006-жылдын 1-июлунан тартып 50 пайызга көбөйтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды тапсын.

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
