# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы №282 "алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы №282 "алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2082/edition/288397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы №282 "алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (18.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4476

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 343 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 24-майы ПЖ № 282

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу

түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн андан

ары оптималдаштыруу максатында токтом кылам:

1. "Алкопром", "Карабалта спирт заводу" мамлекеттик ишканалары,

"Каракол" спирт заводу". Талас областынын Акдөбө айылындагы спирт

өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-

туу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып

откөрүүгө контролдук боюнча мамлекеттик инспекциясынан чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь

продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүүгө контролдук боюнча

мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт

жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча

мамлекеттик агенттигине кайра түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь про-

дукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агент-

тигинин карамагына спирт жана алкоголь продукциясын чыгарууга, сактоого

жана сатып өткөрүүгө лицензия берүү, алкоголь продукциясынын импорттоо

көлөмүн квоталоо, спирт жана алкоголь продукциясын сатуу эрежелерин ат-

карууга контролдук кылуу функцияларын берүүнү кароо менен ал жөнүндө

Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

Ликерарак продукциясын чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттердин Ре-

естринин формасын иштеп чыксын жана бекитсин, ошол Реестрди жүргүзүүгө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик

комитетине ыйгарым укук берсин;

- эки айлык мөөнөттө:

- "Алкопром" мамлекеттик ишканасынын оперативдүү башкаруусуна ли-

керарак продукциясын чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттердеги акциялар-

дын мамлекетгик пакетин (үлүшүн) өткөрүп берсин;

- тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешине жана ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик

укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республи-

касынын Президентинин кароосуна киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык

келтирсин.

4. "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу", Талас облас-

тынын Акдөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" жана "Ал-

копром" мамлекеттик ишканаларынын ишин координациялоо милдети Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чы-

гаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агентгигине

жүктөлсүн.

5. "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу", Талас облас-

тынын Акдөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" жана "Ал-

копром" мамлекеттик ишканаларынын жетекчи кадрларынын курамы Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги N 188 "Менчи-

гинде мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордо корпорациялык башка-

руунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгында каралган принцип

боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь

продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик

агенттигинин сунушуна ылайык калыптандырыла тургандыгы аныкталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын

Улутгук банкынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-

рлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт

жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча

мамлекеттик агенттигинин катышуусу менен "Кыргызалко" мамлекеттик акци-

онердик корпорациясынын ишине аудит жүргүзсүн жана анын натыйжасы боюн-

ча Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнө аталган Корпорацияны жоюу боюнча ча-

ралар жөнүндө тийиштүү сунуш киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-

гы N 462 "Кыргыз Республикасынъы мамлекеттик башкаруу органдарынын

түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизил-

син:

- 4-пунктта:

"а)" пунктчасы төмөнкү мазмундагы жањы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукци-

ясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги;";

"б)" пунктчасынын төртүнчү абзацы алып салынсын.

8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү

жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
