Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин « Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-апрелиндеги „Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө“ Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 16 сентября 2011 года № 241 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-16.
КР Президентинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 241 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 11-майы ПЖ № 243
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын
21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз
ташып кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча чаралар
жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу адамдарды мыйзамсыз
ташып кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча Улуттук кењештин
ишин өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү жана
Премьер-министрдин Аппаратындагы кадрдык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө
байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-апрелиндеги
№ 94 "Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана со-
одалоого каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" Указынын 2-пункту
төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу адамдарды мыйзам-
сыз ташып кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча Улуттук кењеш
(мындан ары - Улуттук кењеш) кызмат орундары боюнча төмөнкү курамда
түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Улуттук кењештин
төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюн-
ча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук кењештин төрагасынын орун-
басары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты (макулдашуу
боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орунбасары
(макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасары (макулдашуу
боюнча);
- Кыргыз Рсспубликасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын
орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орунбаса-
ры;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты ми-
нистринин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистринин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун-
басары;
- Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министринин
орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы
саясат бөлүмүнүн башчысынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык
жана маданий өнүктүрүү башкармасынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргоо
жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмдүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын страте-
гиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн референти;
- Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын
биринчи вице-президенти;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюн-
ча мамлекеттик комитетинин тышкы эмгектик миграция башкармасынын на-
чальниги;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюн-
ча мамлекеттик комитетинин адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана соо-
далоого каршы күрөшүү боюнча сектордун башчысы, жооптуу катчы;
- Кыргыз Республикасындагы миграция боюнча Эларалык уюмдун миссия-
сынын башчысы (макулдашуу боюнча);
- "Аялдарга жардам борбору" Республикалык өкмөттүк эмес уюмдун
президенти (макулдашуу боюнча);
- "Сезим" аялдар жана балдар үчүн Кризистик психологиялык борбор-
дун директору (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-апрелиндеги
N 94 "Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана со-
одалоого каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу адамдарды мыйзамсыз ташып
кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча Улуттук кењеши жөнүндө Жо-
бого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-пункттун экинчи абзацындагы "эки орунбасар" деген сөздөр
"орунбасар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пункттун биринчи абзацындагы "квартал" деген сөз "жарым жыл"
деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык са-
ясат бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармасы" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 22-февралында-
гы N 57 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу адамдарды мыйзам-
сыз ташып кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча Улуттук комисси-
янын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп
табылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Указ Президента КР от 21 апреля 2002 года № 94 "О мерах по борьбе с незаконным вывозом и торговлей людьми в Кыргызской Республике "Указ · 21.04.2002 · № 94
- Положение о Национальном совете при Президенте Кыргызской Республики по борьбе с незаконным вывозом и торговлей людьми (утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 21…Положение · 21.04.2002 · № 94
- КР Президентинин 2011-жылдын 16 сентябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 16.09.2011 · № 241
- Указ Президента КР от 22 февраля 2005 года УП N 57 "О внесении изменения в состав Национального совета при Президенте Кыргызской Республики по борьбе с незаконным вывозом и…Указ · 22.02.2005 · № 57 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР от 21 апреля 2002 года № 94 "О мерах по борьбе с незаконным вывозом и торговлей людьми в Кыргызской Республике "Указ · 21.04.2002 · № 94
- КР Президентинин 2011-жылдын 16 сентябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 16.09.2011 · № 241
- Указ Президента КР от 22 февраля 2005 года УП N 57 "О внесении изменения в состав Национального совета при Президенте Кыргызской Республики по борьбе с незаконным вывозом и…Указ · 22.02.2005 · № 57 · Күчүн жоготкон