# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 11-майындагы ПЖ № 244 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 11-майындагы ПЖ № 244 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 244
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4469>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2076/edition/525210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4469.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 11-майындагы ПЖ № 244 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы (14.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4469

---

КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 11-майындагы ПЖ № 244 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган Жарлыктын "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркемесинде:

1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр алынсын; 3-пункт ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
