# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 205
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2073/edition/525162/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" жарлыгы (17.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4465

---

КР Президентинин 2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 8-майы ПЖ № 205 Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Ж.Жекшеев кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде документацияларды, материалдык байлыктарды жана башка мүлктү кабыл алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин 2004-жылдын 23-июнундагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республнкасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын КУРАМЫ Сарыгулов Дастан Исламович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, комиссиянын төрагасы; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри, төраганын билим берүү боюнча орунбасары; Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетгик университетинин ректору, төраганын илим, маалымат жана коммуникация боюнча орунбасары; Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын Маданият министри, төраганын маданият боюнча орунбасары; Жекшеев Жыпар - Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын башкы катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү:

Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы; Сарыбаев Асанбек Мукашевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармасынын начальниги; Кыдыров Талайбек Тургумбаевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; Боронбаева Токтокан Жолуевна - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жооптуу катчысы; Үтөбаев Шамшибек Тагаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза секторунун башчысы; Плоских Виктор Михайлович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; Давлетова Назира Мамытбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин ишин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн эксперти; Карабаев Эднан Өскөнович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору; Алдашев Алмаз Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун башкы илимий катчысы; Чочунбаева Динара Илимбековна - Борбордук Азиянын элдик уздар Ассоциациясынын президенти.
