# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кеңешти жоюу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кеңешти жоюу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2064/edition/288371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кеңешти жоюу жөнүндө" жарлыгы (20.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4455

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-апрелиндеги № 178

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык

кењешти жоюу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн андан ары оптималдаштыруу

максатында жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча

Улуттук кењешинин жана Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу

боюнча Улуттук агенттигинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылам:

1. Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кењеш жоюлсун.

Мыйзамда белгиленген тартипте Акыйкат башкаруу боюнча Консульта-

циялык кењештин катчылыгы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы оперативдүү

башкаруу укугунда Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кењештин

катчылыгына бекитип берилген мүлктү белгиленген тартипте кайтарып

алууну камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкөтү бир айлык мөөнөттө:

- ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу-укуктук маселелерди

белгиленген тартипте чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн

жоготту деп табылсын:

- 2004-жылдын 12-февралындагы № 54 "Акыйкат башкаруу боюнча Кон-

сультациялык кењешти түзүү жөнүндө";

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 4-майындагы

№ 152 "2004-жылдын 12-февралындагы № 54 "Акыйкат башкаруу боюнча

Консультациялык кењешти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралу";

- 2004-жылдын 25-октябрындагы № 364 "Акыйкат башкаруунун меха-

низмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө";

- 2005-жылдын 10-февралындагы № 54 "Акыйкат башкаруу боюнча

Консультациялык кењештин ишин уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө".

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
