# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 157 " Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 157 " Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2062/edition/486047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 157 " Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө" Жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4449

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 17-апрели ПЖ № 175

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 235 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик мааниси бар маселелерди, республиканын мамлекеттик түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн маанилүү маселелерин кароодо Кыргыз Респуб- ликасынын мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашып иштешин жана өзара аракеттенишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститу- циясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жекече курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин курамына кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Президенти; Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыр- гыз Республикасынын Конституциялык Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республика- сынын Жогорку Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кат- чысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи- си; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Бишкек шаары- нын мэри кирет. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 235 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө тиркелген Жо-

бо бекитилсин.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
