# КР Президентинин 2006-жылын ПЖ №172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылын ПЖ №172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2060/edition/1009388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылын ПЖ №172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4446

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-апрели ПЖ № 172

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында

салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү

Стратегиясы жөнүндө

2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн комплекстүү не-

гиздеринин жана кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясынын алкагын-

да чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракетин жигердештирүү мүмкүн бо-

лушунча жагымдуу шарттарды түзүү, коњшу мамлекеттер жана эл аралык

өнөктөр менен салык салуу системасмн шайкеш келтирүү, тикелей инвести-

циялардын агымын камсыз кылуу жана мамлекеттик өнүгүү программаларын

аткаруу салык саясатын андан ары натыйжалуу жүргүзүү максатында токтом

кылам:

1. Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн

2006-2008-жылдардагы орточо мөөнөттөгү стратегиясы бекитилсин (тиркелет).

2. Стратегияны ишке ашыруу боюнча Комиссия тиркемеге ылайык курам-

да түзүлсүн.

3. Комиссия бир айлык мөөнөттө Стратегиясы ишке ашыруу боюнча

иш-чаралардын планын, ченемдик-укуктук актылардын пакетин жана башка

документтердин долбоорлорун даярдап, аларды Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-

лык ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетек-

чилери Комиссиянын ишине ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

5. Төмөндөгүлөр күчцн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 16-июлундагы №

191 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын стра-

тегиясы жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-августундагы

№ 329 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын

Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жыл-

дарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну

аяктоо жөнүндө" Жарлыгы.

6. Ушул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 13-мартындагы № 172

Жарлыгы менен бекитилген

2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык

саясатын өркүндөтүүнүн орточо мөөнөттү стратегиясын

жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, Комиссия-

нын төрагасынын орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бюджет жана финансы боюн-

ча Комитетинин төрагасы - Комиссиянын төрагасынын орунбасары (макулда-

шуу боюнча).

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегия-

лык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы

башкармачылыгынын башчысы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министринин би-

ринчи орунбасары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орунба-

сары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-

циясынын директорунун орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-

циясынын директорунун орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай

министринин орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюн-

ча улуттук агенттигинин директорунун биринчи орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орунбасары;

Бишкек Эркин экономикалык зонасынын Башкы дирекциясынын директору-

нун биринчи орунбасары;

USAIDдин өкүлү (макулдашуу боюнча).
