# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 163 "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги алааматтын кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 163 "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги алааматтын кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2057/edition/1162714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 163 "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги алааматтын кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4443

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

2006-жылдын 6-апрели, ПЖ № 163

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги алааматтын кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө

Чернобыль жана башка радиациялык алааматтардын жана кыйроолордун кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык жактан колдоо максатында токтом кылам:

1. 2006-жылда бир жолку акчалан жолокпул белгиленсин: 4500 (төрт

мињ беш жуз) сом өлчөмүндө:

- Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик багыттагы

ядролук объекттерде болгон радиациялык кыйроолордун айынан жана алардын кесепетинен, ошондой эле ядролук жабдуулардын, анын ичинде ядролук куралдын ар кандай түрлөрү менен байланышкан сыноолордун, машыгуулардын жана башка иштердин кесепетинен нур оорусуна чалдыккан жана ооруган же майып болуп калган адамдарга;

- Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепетин жоюуда радиациялык

таасирден улам багаар адамынан айрылган, өлгөн же курман болгон үйбүлөлөргө; 4000 (торт мињ) сом өлчөмүндө:

- 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залалдарын жоюу

боюнча обочолонгон зонанын чегиндеги иштерге катышкан же ошол эле мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялык же башка иштерди аткарган адамдарга (анын ичинде убактылуу жиберилгендерге же командировкалангандарга), ошондой эле аскер кызматчыларына жана атайын жыйын боюнча чакырылган жана ошол мезгилде жогоруда аталган кыйроонун залалдарын жоюу менен байланышкан иштерди аткарууга тартылган аскерге милдеттүүлөргө жайгашкан жерине жана аткарган ишине карабастан, ошондой эле 1986-1987-жылдары обочолонуу зонасында кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын начальник жана катардагы курамына кирген адамдарга; 2500 (эки мињ беш жүз) сом өлчөмүндө:

- 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залалдарын жоюу

боюнча обочолонгон зонанын чегиндеги иштерге катышкан же ошол эле мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялык же башка иштерди аткарган мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялык же башка иштерди аткарган адамдарга (анын ичинде убактылуу жиберилгендерге же командировкалангандарга), ошондой эле аскер кызматчыларына жапа атайын жыйын боюнча чакырылган жана ошол мезгилде жогоруда аталган кыйроонун залалдарын жоюу менен байланышкан иштерди аткарууга тартылган аскерге милдеттүүлөргө жайгашкан жерине жана аткарган ишине карабастан, ошондой эле 1988-1989-жылдары обочолонуу зонасында кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын начальник жана катардагы курамына кирген адамдарга.

2. Бир жолку акчалай жөлөкпул республикалык бюджеттин

каражаттарынан төлөнө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөп берүү үчүн зарыл акча

каражаттарын издеп тапсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
