Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2006-жылы пенсиялардын камсыздарылган бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-апрели, № 156
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
2006-жылы пенсиялардын камсыздарылган бөлүгүнүн өлчөмүн
жогорулатуу жөнүндө
Кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясынын милдеттерине
ылайык жана республиканын пенсионерлеринин жашоо дењгээлин андан ары
колдоо максатында токтом кылам:
1. 2006-жылдын 1-майынан баштап пенсиялардын камсыздандырылган
өлчөмү төмөнкүдөй жолдор менен көбөйтүлсүн:
- «Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүүчү коэфициенттер
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген түзөөтүүчү
коэффициентердин өлчөмү төмөнкүдөй жолдор менен көбөйтүлсүн:
- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептелинүүчү пенсиянын
биринчи камсыздарылынган бөлүгүн эсептөө үчүн орточо эмгек акынын
дењгээлинин чегин 2000 (эки мињ) сом өлчөмүндө белгилөө;
- пенсиялардын өлчөмүн эсептөө үчүн орточо эмгек акынын төмөнкү
дењгээлин 150 (жүз элүү сом) өлчөмүндө белгилөө.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен мурда белгиленген
пенсияларды, пенсияга үстөктөрдү жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге
компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү» Указына ылайык белгиленген
компенсациялык төлөмдөрдүн жогорулатылган суммасы ушул Жарлыктан келип
чыккан пенсиялардын өлчөмүн кайра иштетүүгө байланыштуу өзгөртүүгө
жатпайт.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияларды өз убагында
кайра эсептөөнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген
мөөнөттө аларды жањы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык
келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администарциясынын стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-октябрындагы № 492 "2006-жылга карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2007 · № 492 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 371 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республнкаеынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 22.05.2006 · № 371 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндөЗакон · 26.06.2001 · № 58
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон