# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31 мартындагы № 151 "Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоо, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31 мартындагы № 151 "Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоо, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2053/edition/1009120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31 мартындагы № 151 "Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоо, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4439

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 31-марты ПЖ № 151

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыњдоо, балдар

жана короо аянтчаларын оњдоо жана кайрадан калыбына

келтирүү жана жањыларын куруу боюнча жалпы республикалык

бир айлыкты өткөрүү жөнүндө

2006-2010-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасында денетарбиясын

жана спортту өнүктүрүү концепциясына ылайык, ошондой эле денетарбиясын

жана спортту андан ары өнүктүрүү, сергек турмуш ыњгайын жайылтуу, "Дени

сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" улуттук ой-максатын жапырт спорттук иш-

чараларды, анын ичинде спорттун улуттук жана башка түрлөрүн өткөрүү жа-

гынан турмушка ашыруу максатында токтом кылам:

1. 2006-жылдын 1-апрелинен тартып 30-апрелине чейин жашаган жери

боюнча колдо болгон, ошондой эле ведомстволук баш ийүүдөгү спорт-

тук-денсоолукту чыњдоо, балдар жана короо аянтчаларын оњдоо жана кайра-

дан калыбына келтирүү жана жањыларын куруу боюнча жалпы республикалык

бир айлык жарыялансын.

2. Жарыяланган бир айлыктын жењүүчүлөрү үчүн Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин резервдик фондунун эсебинен төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү

материалдык сыйлык белгиленсин:

- мыкты облуска же Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына бир сый-

лык" 100000 (жүз мињ) сом;

- мыкты райондорго жана облустук маанидеги шаарттардын мэриялары-

на:

1-орун - 60000 (алтымыш мињ) сом;

2-орун - 40000 (кырк мињ) сом;

3-орун - 20000 (жыйырма мињ) сом;

- мыкты шаар башкарууларына:

1-орун - 30000 (отуз мињ) сом;

2-орун - 25000 (жыйырма беш мињ) сом;

3-орун - 20000 (жыйырма мињ) сом;

- областтардын эњ мыкты жети айыл өкмөтүнө - 20000 (жыйырма мињ)

сомдон.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү облустук жана райондук мамлекет-

тик администрациялардын башчылары, бардык дењгээлдердеги жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдары бир айлыкты өткөрүүнү, анын ичинде ушул

мезгилде төмөнкүлөрдү уюштурсун.

- бир айлыкты өткөрүү жана анын жыйынтыктары боюнча жењүүчүлөрдү

аныктоо үчүн комиссияларды түзүүнү:

- төмөнкүлөрдү уюштурууну жана өткөрүүнү:

спорт-денсоолукту чыњдоо, балдар жана короо аянтчаларын оњдоого,

кайрадан калыбына келтирүүгө жана жањыларын курууга багытталган ар жу-

мадагы ишембиликтерди;

жапырт спорттук ишчараларды, анын ичинде спорттун улуттук жана

башка түрлөрүн;

спорттун ардагерлеринин жана ар кандай спорттук мелдештердин

жењүүчүлөрүнүн өсүп келаткан муун менен жолугшууларын жана башка ишча-

раларын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы

бир айлыкты уюштуруунун, өткөрүүнүн жана анын жењүүчүлөрүн аныктоонун

жүрүшүн кењири чагылдырсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү

жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
