# Указ Президента КР от 28 марта 2006 года УП № 145 "О вопросах Государственной телерадиовещательной компании Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2052/edition/288341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 28 марта 2006 года УП № 145 "О вопросах Государственной телерадиовещательной компании Кыргызской Республики" (04.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4437

---

КР Президентинин

2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-марты ПЖ № 145

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү

компаниясынын маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын

ишин жөнгө салуу, анын уюштуруучулук түзүмүн, штаттык санын жана кыз-

маткерлеринин эмгек акы шартын аныктоо максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы

жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагы

ПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын

жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык саны 1358,5

бирдик деп белгиленсин, мында акы бюджеттик каражаттардан төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагы

ПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын

чыгармачыл кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары "Социалдык чөйрөнүн

кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтому менен беки-

тилген бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде аныктала тургандыгы белги-

ленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-февралында-

гы № 61 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын вице-премьер министрине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

№ 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдые 28-мартындагы № 145

Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

телерадиоберүү компаниясынын уюштуруу

ТҮЗҮМҮ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

№ 3 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 28-февралындагы № 145

Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү

компаниясынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин

КЫЗМАТТЫК АЙЛЫК АКЫЛАРЫ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
