Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Башкаруунун ар кандай формаларындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 23-марты ПЖ № 140
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Башкаруунун ар кандай формаларындагы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топту
түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын жана конс-
титуциялык реформа боюнча жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын эске
алып, ошондой эле "Кыргыз Рсспубликасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун жалпы элдик талкуулоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 544 Жарлыгы менен жалпы элдик
талкууга коюлган "Кыргыз Респубтикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун жалпы элдик талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды
жана материалдарды ар тараптан иликтөө жана алардын негизинде референ-
думда аныктоо пландаштырылып жаткан башкаруунун ар кандай формаларында-
гы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорлорун даярдоо, бул
долбоорлорду Кыргыз Республикасынын калкынын арасындагы түшүндүрүү иш-
теринде пайдалануу максатында токтом кылам:
1. Башкаруунун ар кандай формаларындагы Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топ тиркемеге ыла-
йык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ Конституциялык кењешменин ишинин, "Кыргыз Республи-
касынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талку-
лоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-нояб-
рындагы № 544 Жарлыгы менен жалпы элдик талкууга коюлган Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясына түзөтүүлөрдүн долбоорун жалпы элдик талкууло-
онун мезгилинде келип түшкөн материалдардын негизинде референдумда
аныктоо пландаштырылып жаткан башкаруунун ар кандай формаларындагы Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясынын долбоорлорун даярдасын.
Жумушчу топко тиешелүү мыйзам долбоорлорун даярдоо учурунда белги-
ленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарынын адистерин тарууга укук берилсин.
3. Жогоруда аталган жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык жа-
на методикалык жактан камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 23-мартындагы № 140
Жарлыгынын тиркемеси
Башкаруунун ар кандай формаларындагы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топун
КУРАМЫ
Бекназаров Азимбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Анаркулович депутаты, жумушчу топтун жетекчиси (макул-
дашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Алиева Жањыл - Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун
Садиевна төрайымы (макулдашуу боюнча);
Бабанов Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Токтогулович депутаты (макулдашуу боюнча);
Гутниченко Лариса - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун
Викторовна судьясы (макулдашуу боюнча);
Дыйканбаев Курманбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамаат-
Сапарбаевич тар Конгрессинин вице-президенти (макулда-
шуу боюнча);
Зулпиев Бектур - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Рысбаевич нистрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн
башчысы;
Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Таштанович
Керезбеков Канат - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын
Анаркулович ректору, профессор, юридикалык илимдердин
кандидаты;
Масалиев Исхак - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Абсаматович депутаты (макулдашуу боюнча);
Нур уулу Досбол - Кыргыз Рсспубликасынын билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министри;
Тургуналиев Топчубек - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
Тургуналиевич
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Шарского айылного кенеша от 26 июля 2012 года №10 "О социальных объектах на территории Шаркского айыл окмоту"Постановление · 26.07.2012 · № 10
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон