# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20 мартындагы №130 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20 мартындагы №130 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2046/edition/492617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20 мартындагы №130 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4430

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 20-марты ПЖ № 130 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин эмгек акы шарттары Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган айрым категориядагы кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, эмгек акысын жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кызматкерлердин эмгек акысы 2006-жылдын 1-апрелинен баштап:

- социалдык төлөмдөр жана үйлөрдөгү социалдык кызматкерлер боюнча борборлордо - 50 процентке;

- кары картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөрүндө - 15 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
