# КР Президентинин 2006-жылдын 17-марты ПЖ N 128 "Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 17-марты ПЖ N 128 "Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2044/edition/1165143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 17-марты ПЖ N 128 "Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4428

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 17-марты ПЖ N 128

Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө

(КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана 2006-жылы абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнү өз убагында өткөрүү жана анын жыйынтыгы боюнча республиканын жогорку окуу жайларында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүштүрүү максатында токтом кылам:

1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын 1-майына чейин абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жана республиканын жогорку окуу жайларында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүштүрүү тартибин жөнгө салган жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-мартындагы N 114 "Мамлекеттик билим берүү гранттарын ыйгаруу, абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнү жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына конкурстук киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнл кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
