Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө Жобо (КР Президентинин ПЖ № 114 Жарлыгы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 14 июня 2011 года УП № 138 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-14.
КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 138 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы № 114 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
макроэкономикалык жана инвестициялык саясат
боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96, 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 411 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кеңештин максаттары жана милдеттери III. Кеңештин функциялары IV. Кеңештин ыйгарым укуктары
V. Кеңештин ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу кеңешүүчү орган болуп саналат. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт. Кеңешке Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жетекчилик кылат. Кеңеш өз жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын башка жетекчилерин тартууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эларалык уюмдардын жана донор-өлкөлөрдүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими боюнча Кеңештин жыйналыштарына чакырылышы мүмкүн. Кеңештин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой ушул Жобо түзөт.
II. Кеңештин максаттары жана милдеттери
Макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнүн прогрессине жетишүү Кеңештин негизги максаты болуп саналат. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат. макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүү механизмин чыңдоо. Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жана инвестициялык саясатын турмушка ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу;
- тышкы жана ички социалдык-экономикалык кырдаал өзгөрүшү менен байланышкан превентивдик чараларды иштеп чыгуу жана камсыз кылуу.
- Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун зарыл деңгээлин камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдар инвестициялык ишти чектеген негизсиз администрациялык чараларды киргизишине жол бербөө;
- финансылык мамлекеттик пландаштырууну жөнгө ашырууга жана бюджеттин аткарылышына контролдук кылууга көмөктөшүү;
- учурдагы, келечектүү жана инвестициялык мамлекеттик чыгымдар саясатында артыкчылыктарды аныктоо;
- фискалдык туруктуулук, ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр менен бюджеттик саясаттын макулдашылгандыгын камсыз кылуу;
- аткаруу бийлик органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин четөлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды пайдалануу боюнча ишин координациялоо, ошондой эле ал иштин натыйжалуулугуна контролдук кылуу;
- республикага экономикалык жардам көрсөтүп жаткан четөлкөлүк инвесторлор, эларалык жана четөлкөлүк мекемелер жана уюмдар менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- четөлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттик программаларга (долбоорлорго) ылайык инвесторлорго жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына жана социалдык чөйрөгө, ошондой эле республиканын белгилүү аймактарына инвестицияларды жумшап жаткан четөлкөлүк инвестициялардын катышуучуларына инвестициялык жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды кароо;
- четөлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамды тартуу жана аларды пайдаланууга контролдук кылуу боюнча республиканын экономикасы үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду кароо жана бекитүү.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
III. Кеңештин функциялары
Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- макроэкономикалык жана инвестициялык саясат чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөргө тиешелүү чечимдерин алдын ала карап чыгуу:
макроэкономикалык стабилдүүлүккө; мамлекеттик финансылык каражаттарды пайдаланууга; экономикалык жардамды жана чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу жана пайдалануу артыкчылыктарын аныктоого; эларалык финансылык институттар жана донор-өлкөлөр колдогон социалдык-экономикалык программаларды турмушка ашырууга;
- бюджеттин долбоорун даярдоо менен байланышкан маселелерди карап чыгуу жана кийинки финансылык жылга бюджеттин түзүмүн макулдашуу;
- бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун карап чыгуу жана бекитүү;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү же азайтуу боюнча маселелерди карап чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен берилүүчү чет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле экономикалык жардамды жана чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу жана пайдалануу артыкчылыктарын аныктоо;
- тышкы карыз алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиктерин берүү менен байланышкан маселелерди карап чыгуу;
- эларалык уюмдар, финансылык институттар, донор-өлкөлөр менен бирдикте иштелип чыгуучу тышкы жардамды тартуунун узак мөөнөттүү, орточо мөөнөттүү жана жылдык программаларынын, ошондой эле мамлекеттик инвестиция программаларынын долбоорлорун карап чыгуу жана жактыруу:
- эркин (өзгөчө) экономикалык зоналарды өнүктүрүү стратегиясын аныктоо жана алардын ишин координациялоонун жана контролдоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу;
- республика эл макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты турмушка ашыруунун кабыл алынып жаткан чечимдери жана натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдоо;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аныктаган макроэкономикалык жана инвестициялык саясаттын башка маселелерин карап чыгуу;
- мамлекеттик жеке өнөктүк маселелерин кароо.
(КР Президентинин 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 411 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
IV. Кеңештин ыйгарым укуктары
Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- каралып жаткан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн ошондой эле Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдарды угууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү же башка таламдаш тараптар Кеңештин кароосуна сунуш кылган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуш менен жактырылган долбоорлорун макулдашуу;
Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча милдеттерди чечүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө сунуш кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү.
V. Кеңештин ишин уюштуруу
Маселелерди карап чыгуу жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы астында Кеңештин жыйналыштарында жүзөгө ашырылат. Кеңештин жыйналыштарына зарылчылыкка жараша бирок айына кеминде бир жолу, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 2/3 бөлүгүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Айрым гана учурларда Кеңештин кароосуна киргизилип жаткан маселелерди карап чыгуу тез тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында Кеңештин чечимине Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси мында милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана башка таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен протоколдук чечимдин долбоорун макулдашкандан кийин кол коюлууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кеңештин ишин уюштурат жана Кеңеш кабыл алган чечимдердин депозитарийи болуп саналат. Кеңеш ушул Жобо менен өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимди коллегиялуу кабыл алат. Кеңештин чечимдери протоколдор түрүндө толтурулат жана таанышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилет. Кеңешти жоюу Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. (КР Президентинин 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96, 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 411 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 8
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 138 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.06.2011 · № 138
- КР Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы ПЖ N 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө"…Положение · 14.03.2006 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (8)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- Положение О Совете по экономической политике при Правительстве Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента КР от 15 ноября 2001 года УП №332)Положение · 15.11.2001 · № 332 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 15 ноября 2001 года УП №332 "О Совете по экономической политике при Правительстве Кыргызской Республики"Указ · 15.11.2001 · № 332 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 337 "Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын…Указ · 29.06.2006 · № 337 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 28 апреля 2004 года УП № 149 "О внесении изменений и дополнения в Указ Президета Кыргызской Республики "О Совете по экономической политике при Правительстве…Указ · 28.04.2004 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 9 января 2002 года УП N 5 " О внесении изменений и дополнений в Указ Президента Кыргызской Р еспублики "О Совете по экономической политике при Правительстве…Указ · 09.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР 2008-жылдын 21-декабры ПЖ № 411 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык…Указ · 21.12.2008 · № 411 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 15 июля 2002 года № 190 "О внесении изменений и дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики «О Совете по экономической политике при Правительстве…Указ · 15.07.2002 · № 190 · Күчүн жоготкон