# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы № 105 "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы № 105 "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2040/edition/1009401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы № 105 "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Указы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4422

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 9-марты ПЖ N 105

2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө

(КР Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы ПЖ N 397 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Республиканын борбор шаарынын айланасында жана кээ бир региондорунда 2005-жылы өзалдынча жер басып алуу боюнча кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракетине карабастан соңку мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында 2006-жылы жазында жеке туракжай куруу үчүн кайрадан жер басып алуу жөнүндө билдирүүлөр көбүрөөк таркатылып жатат. Мындай аракеттердин алдын алуу жана 2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында токтом кылам:

1. Төмөнкү курамда мамлекеттик комиссия түзүлсүн:

Үсөнов Данияр Токтогулович

\-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Жапаров Акылбек Үсөнбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары;

Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орунбасары.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

Азылов Жыргалбек Кумарович

\-

Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Айдаралиев Искендербек Рысбекович

\-

Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Айжигитов Султанбай Абдрашитович

\-

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Алапаев Марат Ормонбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Жээнбеков Жусупжан Амражанович

\-

Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Жолдошев Адамжан Жолдошевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Исабеков Азим Бейшенбаевнч

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;

Исаков Жумадыл Ырысбаевич

\-

Ош шаарынын мэри;

Керимкулов Медетбек Темирбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министри;

Кулмурзаев Тургунбек Насипович

\-

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Мамыров Эркинбек Тобокелович

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

Турсунбек Акун

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы;

Ногоев Арстанбек Иманкулович

\-

Бишкек шаарынын мэри;

Өмүралиев Эсенгул Касымович

\-

Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Осмоналиев Самир Кушайынович

\-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана кайра иштетүү өнөржай бөлүмүнүн башчысы;

Рыскулова Айгүл Маратбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;

Рустенбеков Жаныш Султанкулович

\-

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич

\-

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;

Суталинов Мурат Абдыбекович

\-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри:

Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Турдумамбетов Турсун Осмоналиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Укулов Курманбек Маматкадырович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы.

2. Мамлекеттик комиссияга өз ишине мамлекеттик мекемелердин жана ведомстволордун адистерин тартууга уруксат кылынсын.

3. Мамлекеттик комиссия 2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасынын жана жерди өзалдынча мыйзамсыз басып алууну болтурбоо боюнча чаралардын комплексинин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

(КР Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы ПЖ N 397 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
