Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө» Указы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 20 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 9-марты ПЖ N 105
2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы ПЖ N 397 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Республиканын борбор шаарынын айланасында жана кээ бир региондорунда 2005-жылы өзалдынча жер басып алуу боюнча кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракетине карабастан соңку мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында 2006-жылы жазында жеке туракжай куруу үчүн кайрадан жер басып алуу жөнүндө билдирүүлөр көбүрөөк таркатылып жатат. Мындай аракеттердин алдын алуу жана 2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында токтом кылам:
1. Төмөнкү курамда мамлекеттик комиссия түзүлсүн:
Үсөнов Данияр Токтогулович
-
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары;
Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орунбасары.
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Азылов Жыргалбек Кумарович
-
Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Айдаралиев Искендербек Рысбекович
-
Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Айжигитов Султанбай Абдрашитович
-
Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Алапаев Марат Ормонбекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Жээнбеков Жусупжан Амражанович
-
Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Жолдошев Адамжан Жолдошевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Исабеков Азим Бейшенбаевнч
-
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;
Исаков Жумадыл Ырысбаевич
-
Ош шаарынын мэри;
Керимкулов Медетбек Темирбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министри;
Кулмурзаев Тургунбек Насипович
-
Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Мамыров Эркинбек Тобокелович
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Турсунбек Акун
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы;
Ногоев Арстанбек Иманкулович
-
Бишкек шаарынын мэри;
Өмүралиев Эсенгул Касымович
-
Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Осмоналиев Самир Кушайынович
-
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана кайра иштетүү өнөржай бөлүмүнүн башчысы;
Рыскулова Айгүл Маратбековна
-
Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;
Рустенбеков Жаныш Султанкулович
-
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич
-
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Суталинов Мурат Абдыбекович
-
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич
-
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Турдумамбетов Турсун Осмоналиевич
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Укулов Курманбек Маматкадырович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы.
2. Мамлекеттик комиссияга өз ишине мамлекеттик мекемелердин жана ведомстволордун адистерин тартууга уруксат кылынсын.
3. Мамлекеттик комиссия 2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасынын жана жерди өзалдынча мыйзамсыз басып алууну болтурбоо боюнча чаралардын комплексинин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы ПЖ N 397 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы №572 " Бишкек шаарынын "Жал" кичи районундагы "В-16", "Г-5", "В-23" үч көп квартиралуу турак үйдүн курулушун бүтүрүү…Постановление · 11.08.2006 · № 572
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 20
- Положение о порядке регистрации и выдаче разрешения на строительство объектов малого и среднего бизнеса в Кыргызской Республике (Утверждено приказом Государственного агентства по…Положение · 25.12.2006 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Премьер-министра КР от 23 марта 2006 года № 188 (Во исполнение Указа Президента Кыргызской Республики "О создании Государственной комиссии по разработке Национальной…Распоряжение · 23.03.2006 · № 188 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай…Указ · 27.07.2006 · № 397 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же…Постановление · 08.05.2006 · № 334 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-июнундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"…Постановление · 17.06.2006 · № 443 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 20
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.